Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Ош шаарындагы “Келечек” базарында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-октябрда саат 00:21 чамасында Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан "Келечек" базарынын аймагында ашканадан өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 7 бөлүм, ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары, электр тармагы кызматынан 1 бригада жана милиция кызматкерлери тартылды.
Өрт саат 01:13тө чектөөгө алынып, саат 03:37де толук өчүрүлдү.
Натыйжада ашкана, токардык цех, кийим сатуучу дүкөн, азык-түлүк дүкөнү, текстиль дүкөнү жана жаңы курулуп жаткан дүкөндүн чатыры күйгөн.
Өрттүн кесепетинен болжол менен 700 чарчы метр аянт күйдү. Жабыркагандар жок.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.