Ош шаарындагы "Царский двор" кафесинен өрт чыкты. Сүрөт

Кырсык


Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан "Царский двор" кафесинен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жалынды өчүрүүгө жалпы төрт бөлүм жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 15:20да чектөөгө алынды.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.