Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн сырты боёлуп, кооздоло баштады

Аймак

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн сырты боёлуп, кооздоло баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-августта Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов Кулатов кичирайонуна барып, сырдалып жаткан үйлөрдү көрүп чыкты.

Учурда Кулатов кичирайонундагы №6 жана №8 көп кабаттуу үйлөрдүн алдыңкы бети сырдалып баштаган. Андан тышкары көп кабаттуу үйлөрдүн алдын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча да иштер жүргүзүлөт.

Ош шаарында бардыгы болуп 640 жакын көп кабаттуу үй бар.