Ош шаарында эки унаа сүзүшүп, төрт киши жаракат алды

Аймак

Бишкек. 26.04.19 /Кабар/. Ош шаарында эки унаа сүзүшүп, төрт киши жаракат алды. Бул тууралуу шаардык автоинспекция кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн Мамыров менен Алиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Төрт адам ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.