Ош шаарында эки көчө капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

Аймак

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата эки көчө капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ошентип капиталдык оңдоодон кийин төмөнкү эки көчө пайдаланууга берилди.

  • Ош көчөсү Райымбеков көчөсүнүн кесилишинен Бабараимов көчөсүнө чейин;
  • Ленин көчөсү менен Загородная көчөсүнүн кесилишинен Курманжан-Датка көчөсүнө чейин.