Ош шаарында эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар сыйлоолор болду

Аймак

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрда, Ош шаарынын мэриясында эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына карата муниципалдык кызматтын бир катар кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, үзүрлүү эмгеги жана коомдук саясий турмушка активдүү катышкандыгы үчүн муниципалдык менчик башкармалыгынын, капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлерине, ошондой эле, диаспоранын өкүлдөрүнө Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды.