Бишкек, 21.11.20. /Кабар/. Ош шаарында 30-ноябрдан тарта 1-класстын окуучулары мектептерге бара башташат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Кечээ, 20-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында вице-мэр Эмил Шадыхановдун башчылыгы алдында шаардык жарандык коргонуунун штабынын жыйыны болуп өтүп, анда 1-класстын окуучуларынын мектепке келип окуу маселеси каралган.
Жыйында Ош шаарынын саламаттыкты сактоо боюнча координатору Кыялбек Ташполотов, шаардык санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өкүлдөрү шаардагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаал жөнүндө маалымат беришкен. Статистикалык маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаал турукташкан.
Жыйындын соңунда штаб, 1-класстын окуучуларына мектепке баруусуна уруксат берген.
“Ошондой эле, менчик мектептер жана бала бакчалар бардык зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык нормалар менен эрежелерди так сактоо менен иштей тургандыгын белгилейбиз. Эрежелердин сакталышын санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери көзөмөлдөйт”, - деп айтылат маалыматта.
Мэриядан белгилешкендей, Ош шаарындагы мамлекеттик бала бакчалар азырынча ачылбайт.
Ош шаарында 55 мамлекеттик жана 26 жеке менчик мектеп бар. Аларда 77 миң 832 окуучу билим алат.