Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Күн мурун, 2-сентябрда Ош шаарынын Исанов көчөсүндө “Honda CR-V” үлгүсүндөгү унаанын эшиги бекилип калып, унаанын ичинде 2018-жылы туулган бала калып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Ведомствонун маалыматына караганда, ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жерине барып, унаанын эшигин ачып беришкен.