Ош 16-июнь /Ерлан Тургунбаев-Кабар/. К.Алтыбаев атындагы №14 орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнө Кытай, Россия жана Түркиядагы жогорку окуу жайларга бюджеттик негиздеги тапшыруу тууралуу маалымат берилди.
Иш чарада Ош шаарындагы мектептердин окуу-тарбия боюнча башчылары чет өлкөдө окуугусу келген 11-класстын бүтүрүүчүлөрү жана чет элдик университеттердин өкүлдөрү катышты.
Жолугушуу учурунда мектеп бүтүрүүчүлөрү ЖОЖго тапшыруу шарттарына, окутуунун сапатына, жашоо шарттарына жана башкаларга кызыгышты.
Иш чараны Ош шаарынын билим берүү башкармалыгы уюштурган.