Ош – Омск багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданды

Коом

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Россиялык «Северный ветер» авиакомпаниясы 2023-жылдын 28-мартынан баштап үзгүлтүксүз Ош – Омск – Ош багыты боюнча авиакаттамдарын жандантты.

"Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, авиакаттамдар жумасына бир жолу - шейшемби күндөрү аткарылат.