Бишкек, 27.02.22. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов жана райондук мекеме жетекчилери менен биргеликте Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө өткөн элдик жыйынга катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган жыйында Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Нурсултан Тажибаев 2021-жылы аткарылган жана бул жылы ишке аша турган иш планы тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле жергиликтүү тургундар чечилбей жаткан көйгөйлөрүн айтышты. Аталган маселелерди чечүү тууралуу мекеме жетекчилерине тапшырмалар берилди.