Ош облусунда өзүн атып алган солдат ооруканага жетпей каза болду

Коом

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскеринин № 92843 аскер бөлүгүнүн мөөнөттүү аскер кызматынын катардагы жоокери Т.А. ок куралын этиятсыз колдонуунун натыйжасында жарадар болгон. Бул тууралуу КР КК кургактагы аскеринин басма сөз кызматы билдирет.

Окуя 12-апрелде 16:00 чамасында болгон.

Маалымат боюнча, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин катардагы жоокер Т.А. Алай аймактык ооруканасына жөнөтүлүп, жолдо каза тапкан.

Бул факт боюнча кызматтык тергөө дайындалып, Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы маалымдалды.