Ош облусунда шахтада бир жаран газга ууланып каза болду

Кырсык

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районундагы Жин-Жиген айылынын шахтасында кечээ, 28-июнда саат 20:35те бир жаран газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге барган куткаруучулар жарандын сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.