Ош мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кадр саясаты

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Канышай Имарова Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койду.