• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Ош мэриясы жарандардан тез бузулуучу тамак-аш азыктарын сатып алууда этият болууну өтүнөт

Аймак 0

Бишкек, 03.05.22. /Кабар/. Акыркы сутка ичинде Ош шаарында аба ырайынын ысык болушунан улам тамак-ашка уулануу фактылары катталды.

Буга байланыштуу Ош мэриясы жарандардан тез бузулуучу тамак-аш азыктарын, өзгөчө сүт жана кондитердик азыктарды сатып алууда этият болууну өтүнөт.

“Продукциянын мөөнөтүнө, сапатына жана тиешелүү уруксат кагаздарынын болушуна сөзсүз көңүл буруу керек", - деп кошумчалашты муниципалитеттен.

Эскерте кетсек, Ош облусунда таттуу токочтон 35 адам ууланган.

Пикир

Оставить комментарий