Ош: Мэр кыдырган көчөлөр тазалана баштады

Аймак

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Ош шаарынын Н.Исанов, Шакиров көчөлөрүндө мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча атайын рейд жүрдү. Рейд шаар мэринин протоколдук тапшырмасына ылайык жүрүп, жыйынтыгында 2 даана навес, 1 даана тандыр, 1 соода түйүн, 1 даана шишкебек бышыруучу мангал алынып салынды.
Ошондой эле 7 даана жарнак тактайча (штендер) жана 30 даана тил мыйзамынын талаптарына жооп бербеген, эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынып салынды.
Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда рейд уланууда.
Буга чейин шаар мэри Т. Сарыбашов эрте менен аталган көчөлөрдү жөө кыдырып, таанышып чыккан эле.