Бишкек, 18-май /Кабар/. Бишкек шаардык инспекциясы Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясы жана Ленин райондук ИИБ кызматкерлери менен биргеликте “Ош-Базары” соода комплексинин аймагындагы мыйзамсыз соода түйүндөрүн жоюу боюнча рейд жүргүзүүдө.
Мамветинспекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, муну менен катар мыйзамсыз жана көзөмөлсүз сооданы жоюу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.