Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. Оштон жөнөтүлгөн гуманитардык жүк Баткенге жетти, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, жалпы 100 тонна азык-түлүк, гигиеналык, балдар үчүн каражаттар жиберилди.
Мэриядан гуманитардык жардам чогултуу улантылып жаткандыгын кошумчалашты.
Белгилей кетсек, чек арадагы акыркы окуяларга байланыштуу өлкө боюнча Баткен облусунун элине гуманитардык жардам чогултуу иштери жүрүп жатат.