Ош, Баткен, Талас облустарынын айдоочуларына жол коопсуздук эрежелери түшүндүрүлдү

Аймак

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Ведомстводон билдиришкендей, учурда кызматкерлер Ош шаарынын жана Баткен, Талас облустарынын бардык район-шаарларындагы борбордук автобекеттеринде унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу, узак жолго чыгууга зарыл дары-дармек, тамак-аш азыктарын жана дөңгөлөк чынжырчасын ала жүрүүнү, ошондой эле унаалар ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл экендигин эскертүүдө.

ӨКМден белгилешкендей, кокустук катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышка чыгуу сунушталат.