Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын директору Кузнецов Евгений Юрьевич ээлеген кызматынан бошотулду.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү буйрукка ведомство башчысы Азамат Жаманкулов кол койгон.