Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Кечээ, 5-октябрда Кочкор районундагы Орто-Токой суу сактагычынан браконьерлер кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, алардан 20 даана синтетикалык тор жана эки кайык алынган.