Орто-Сай базарындагы башаламан соода менен күрѳшүү уланууда

Коом

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. 12-декабрда Октябрь райондук администрация кызматкерлери Октябрь районунун ИИБ жана мэриянын санитардык-экологиялык инспекторлору менен “Орто-Сай” базарынын жанындагы башалман сооданы токтотуу боюнча рейдге чыгышты.

Анын жыйынтыгында 17 башаламан соода орундары алынган. Ошондой эле көчөдө соода кылган жарандар менен түшундүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Бул иштер алдыда дагы улантылат.