Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган Эрназар Акматалиевди Нарын шаарында салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Казакстандын Алматы шаарында 9-11-апрелде квалификациялык мелдеш өткөн. Анда Акматалиев 65 кг салмакта алтын медаль багындырган.
Бүгүн, 13-апрелде кичи мекенине келген Эрназар Акматалиевди өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Жыргалбек Ботоканов, Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырова, Нарын районунун акими Алтынбек Сенирбаев жана балбандын айылдаштары салтанаттуу тосуп алышты.
Эрназар Акматалиевге 50 миң сомдук сертификат, ал эми машыктыруучусу Талант Сыдыкбековго 20 миң сомдук сертификат тапшырылды.