• 86.87
  • 100.41
  • 1.08

Олимпиадада кыргызстандык спортчу Үзүр Жусупбеков беттешин жеңиш менен баштады

Спорт 0

Бишкек, 06.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Париждеги Олимпиада оюндарында балбан Үзүр Жусупбеков алгачкы беттешин жеңиш менен баштады.

Үзүр Жусупбеков 97 кг салмак категориясында 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венскаитис менен күрөштү. Таймаш 5:1 эсебинде Үзур Жусупбековдун пайдасында жыйынтыкталды.

Эми кыргызстандык балбан чейрек финалда ирандык Мохаммадхади Сарави менен кез келет.

Пикир

Оставить комментарий