Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Ош гуманитардык-педагогикалык университетинин базасында мектеп окуучулары арасындагы “Жаш манасчы” кароо-сынагынын облустук баскычы өтүп, жеңүүчүлөргө I, II, III даражадагы дипломдор тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргыз тилинде манас айткан окуучулар арасында:
- I орун – Шайыркүл Ормонова (Чоң-Алай районунан);
- II орун – Кулпунай Маматисаева (Чоң-Алай районунан);
- III орун – Мирлан Абдалиев жана Оомат Алимбеков (Кара-Кулжа районунан).
Чет тилде манас айткан окуучулар арасында:
- I орун – Сезимай Раимбаева (Кара-Кулжа районунан);
- II орун – Адина Ниматова (Чоң-Алай районунан);
- III орун – Хакимбек Рахимбердиев (Араван районунан).
Мындан сырткары, “Жаш манасчы” сынагына жигердүү катышкан окуучуларга ыраазылык баракчалары тапшырылды.
Белгилей кетсек, сынакта алдыңкы орунду ээлеген окуучулар алдыда Бишкек шаарында өтүүчү финалдык беттешке катышат.