Ош облусунун башчы алыскы Кызыл-Суу айылынан кабар алды

Аймак

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-мартта КРнын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылына жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жумушчу сапардын алкагында жергиликтүү эл менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту.

“Алыскы Кызыл-Суу айылында эӊ башкы көйгөй бул жолдун начарлыгы, быйылкы жылы 4 чакырым жолго асфальт төшөлөт, акырындап бул көйгөйдү да чечебиз”, - деди Зиядин Жамалдинов

Андан сырткары, жер, бала бакча маселеси, жогорку билимдүү жаштардын шаарга кетип калганына байланыштуу айыл өкмөттө адистердин жетишсиздиги боюнча маселелер айтылып, бул көйгөйлөрдү чечүү боюнча тапшырмалар берилди.