Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Нурия Кутнаева санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Нурия Кутнаеванын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.