Нурида Байзакова Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Нурида Байзакова Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.