Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду, ага ылайык Ниязалиев Нуран Садырович Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.