Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Ниязалиев Нуран Садырович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргызстандын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.