Бишкек. 20.03.19 /Кабар/. Нооруз майрамына карата Кыргызстанда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштешет. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 20-21-март күндөрү коомдук жайларда милиция кызматкерлеринин саны көбөйүп, административдик жана мамлекеттик имараттарда коопсуздукту камсыздоо күчөтүлөт.
Мындан тышкары эл көп топтолгон жерлерде да тартипти камсыздоо үчүн милиция кызматкерлери иш алып барышат.