Бишкек, 30.06.24. /Кабар/. Ноокатта селдин кесепетинен каза болгондордун саны 8 адамга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткарууулар дагы бир аялдын сөөгүн (аты-жөнү такталууда) табышты.
Белгилей кетсек, буга чейин жети адам каза болгону белгилүү болгон, алардын арасында эки аял бар, калгандары 2008, 2012, 2013 жана 2016-жылы туулган өспүрүмдөр болгон.
ӨКМ дагы эки адамды издөө иштери уланып жатканын белгиледи.
Эскерте кетсек, 28-июнда саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун Апшыр-Сай сайынан сел жүргөн. Анын кесепетинен көпүрөлөр, жолдор жана электр объектилери жараксыз абалга келген. Апшыр-Ата эс алуу жайына жана Кезарт жайлоосуна баруучу жолду сел алып кеткендиктен, эс алууга чыккан 1400 адам түшө албай калган. Күн мурун ал жактан жалпы 1400гө жакын адам эвакуацияланды.