Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Ноокат районунун Көк-Жар айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-ноябрда Ноокат РИИБдин Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы милициянын майору А.уулу Т. кызматтык кабинетинде кол алдында иштегендерден акча алып жатканы боюнча тартылган видео жарыяланган.
Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинде ("Адамдардын тобу тарабынан пара алуу") каралган кылмыш курамынын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө Ош облусунун Ноокат райондук ИИБдин Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы А.у.Т. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Соттун чечими менен А.у.Т. бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалды. Учурда тергөө иштери уланууда.