• 87.45
  • 101.25
  • 1.1

Назира Керималиева Статкомдун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. Назира Керималиева Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

Ведомстводон билдиришкендей, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Керималиева Улуттук статистика комитетинин айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча статистика башкармалыгынын башчысы кызматын ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий