• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Нарындагы нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин көчөлөрдү жана үйлөрдү суу каптады

Аймак 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Нарындагы нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин көчөлөрдү жана үйлөрдү суу каптады.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Нарында бүгүн болжол менен саат 16:00дө нөшөрлөп жамгыр жааган, анын кесепетинен жаан суулары турак үйлөрдүн короолорун жана көчөлөрдү каптаган.

Жерине ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, Нарын шаардык №16 Аскерлештирилген Өрт-куткаруу борборунан куткаруучулар тартылган.

Министрликтен кырдаал боюнча кошумча маалымат бериле тургандыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий