Нарында жол кырсыгынан үч адам каза тапты

Кырсык

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Нарында жол кырсыктан үч адам каза тапты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-февраль күнү болжол менен саат 15:15те Орто-Нура айылынын Абдыкаиров көчөсүндө "Ауди 100" жана "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Ал жол кырсыгынан "Ауди 100" унаасында отурган үч адам каза болгон.

Ал эми эки унаанын айдоочулары райондук ооруканага жеткирилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.