Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы Нарын районундагы жайыт жерине мыйзамсыз сарай курулганын аныктады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Тактап айтканда, Нарын районунун Куланак айыл аймагынын тургундарынын арызынын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада Учкун айыл аймагында Р.И. аттуу жаран жайыт жерине мал сарай жана жашоого ылайыкташкан контейнер куруп алганы аныкталган.
Аталган фактынын негизинде Нарын райондук соту Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Нарын аймактык башкармалыгынын доо арызын канааттандырды.
Ошондой эле Жогорку сот дагы Нарын райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Тактап айтканда, жалпы жонунан 700 чарчы метр жер аянты мамлекеттин менчигине кайрадан кайтарылды.
Пикир
Оставить комментарий