Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Бүгүн Нарында өтүп жаткан "Кыргыз шырдагы-XV" эл аралык фестивалында 200дөн ашык шырдак сынакка коюлду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Фестиваль алгач Нарын районундагы As A Nomad этнокомплексинде улуу "Манас" баяны баштаган маданий иш-чара менен ачылып, кол өнөрчүлөрдүн салтанаттуу жүрүшү менен коштолду.
Иш-чаранын маданий бөлүгү "Кыргыз шырдагынын" 15 жылдык тарыхын камтыган видео тасма, театралдаштырылган оюн-зоок, "Сармерден" кыз-жигиттердин оюну программалары менен уланды.
Ошондой эле аркан тартыш, кол күрөш, таяк тартыш, тогуз коргоол, салбуурун сыяктуу улуттук оюндар, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары, улуттук саркеч кийимдердин мода көргөзмөсү көрсөтүлдү.
Ушуга удаа эле "Алма-Бак" сейилбагында кол өнөрчүлүк буюмдарынын жана айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси өтүп жатат. Ошондой эле каалоочуларды туристтик турлар күтүүдө.
Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи кечки саат 21:00до башталып, чоң программадагы гала концерт, фейерверк менен коштолот.
Эл аралык фестивалга Турция, Япония, Швейцария, Араб Эмираттары, Өзбекстан, Казакстандан меймандар жана Кыргызстандын аймактарынан келген 200гө жакын кол өнөрчүлөр катышууда.