Нарында катуу шамалдан улам терек үйдүн чатырына кулаган — сүрөт

Аймак

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда бүгүн, 28-июнда катуу шамал болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, саат 15:55тер чамасында Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылында терек үйдүн чатырына кулаган. Табигый кырсыктын кесепетинен чатырдын бир тарабынын шиферлери талкаланган.

Окуядан эч ким жабыркаган эмес.

Баетов айылында шамалдын ылдамдыгы секундасына 16 метрге чейин жеткен.