• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Нарын мэриясы 73,3 млн сомго электробустарды сатып алат

Коом 0

Бишкек, 03.07.23./Кабар/. Нарын шаардык мэриясы электр станциялары менен электробустарды сатып алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, пландалган сумма 73 млн 360 миң сомду түзөт. Тендердик табыштамаларды 14-июлга чейин тапшыруу зарыл.

Белгиленгендей, мэрия 5 электробус жана 3 кубаттагыч сатып алууну пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий