Нарын: Мэр Канболот Тутуев шаарды жашылдандыруу аракетин көрүүдө

Аймак

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев аймактарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерине ички инвесторлорду тартууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы Ак-Коргон, Жаңы-Жол аймактарын кыдырып, алдында куураган бактары бар көп кабаттуу турак жайлардын айланасын ирээтке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ийне жалбырактуу бак-дарактардын көчөттөрүн отургузууга ылайыктуу жерлерди аныктап, атайын орундуктарды даярдоону тапшырды.

Мындан сырткары, жеке ишкерлерлер, мүмкүнчүлүгү бар жарандарды инфраструктураны жакшыртууга салым кошууга чакырып, атайын аймактарды жакшыртуу үчүн бөлүп берди.