Бишкек – Нарын – Торугарт жолуна кар көчкү түшүп, Долон ашуусу убактылуу жабылды

Коом

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Кар көчкү түшүп, Долон ашуусу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун 296-297 чакырымында тактап айтканда Долон ашуусунда 2022-жылдын 17-март күнү болжол менен саат 10:00 чамаларында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылганын билдиребиз.

Нарын ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү Бишкек – Нарын жана Нарын – Бишкек багытындагы унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Азыркы учурдагы унаа жолдун жогорудагы аталган бөлүгүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.

Кошумча маалымат болсо билдирип турабыз, туура түшүнүү менен кабыл аласыздар деген ишеничтебиз.