Нарын: Дүкөн, чач тарач жана унаа тетиктерин саткан жайлар текшерилди

Аймак

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Нарын шаарындагы дүкөн, чач тарач жана унаа тектиктерин саткан жайлар текшерилди. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 1-июлда Нарын шаардык мэриясынын кызматкери Жамгырчы Дөөлөтбай уулу менен тиешелүү кызмат өкүлдөрү калаадагы дүкөндөрдү кыдырып, эскертүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Анын алкагында 15 дүкөн, 8 чач тарач жана 4 унаа тетиктерин саткан жай текшерилип, алардын жетөөсүнө эскертүү берилсе, экөөнө санитардык талаптар сакталбагандыгы үчүн Нарын райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөлдөө борборунун кызматкери Айжан Макеева тарабынан айыппулдар салынган.