Наркы дээрлик 2,5 млн сом. Баткенде дары-дармек жана мейиздин контрабандасына бөгөт коюлду

Укук тартиби

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Баткен бажысынын кызматкерлери тарабынан жалпы суммасы дээрлик 2,5 млн сомду түзгөн дары-дармек каражаттарынын жана мейиздин контрабандасына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Чоң-Талаа айылынын жанында А.у.М аттуу КР жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter 408 үлгүсүндө унаа токтотулган.

Унааны кароодо жүк бөлүгүндө жалпы салмагы 265 кг мейиз, ошондой эле дары-дармек каражаттары болгон.

Алар:

- Линкомицина гидрохлорид 300мг/1мл - жалпы салмагы 75 кг, 20 миң ампула санда ийне саюу үчүн эритмелер;

- суюк алоэ экстракты 1 мл – салмагы 112 кг, 28 миң ампула;

- Кокарбоксилаза 50 мг – салмагы 140 кг 5500 ампула;

- Глюкоза 40% 10 мл - салмагы 140 кг 6500 ампула;

- Лидаза 1280 МЕ- салмагы 36 кг 8 миң ампула;

- Милдронат мельдоний 100мг/мл – салмагы 7,49кг 2980 ампула;

- Ксефокам/Лорноксикам 8мг/2мл – салмагы 115 кг 20 миң ампула;

- Гентамицин 80 мг/2мл, - салмагы 115 кг 20 миң ампула.

Жүктүн жалпы салмагы 804,5 килограммды, орточо базар наркы 2 млн 447 миң 936 сомду түзөт.

Жүк ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен чектеш мамлекеттен ташылып келинген. Факт КБР АМС МЭЖге катталган, материалдар Баткен облусунун ведомстволугуна караштуулугу боюнча берилген.