• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолу бир тараптуу ачылды – ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Кара-Кулжа районунунда Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолу бир тараптуу ачылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн саат 06:30 чамасында Кара-Кулжа районунунда жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 19-чакырымы эки тараптуу жабылган.

Белгиленгендей, жерине №26 жол тейлөө кызматынан жүктөгүч тартылып, унаа жолу саат 08:15те бир тараптуу ачылды.

Пикир

Оставить комментарий