• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Мырза-Аке – Кара-Шоро унаа жолунун 18 чакырымына асфальт төшөлөт

Коом 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Ош облусунун Мырза-Аке – Кара-Шоро унаа жолунун 18 чакырымына асфальт төшөлөт. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда аталган жолдо асфальт-бетон төшөөгө даярдык иштер жүргүзүлүүдө. Атап айтканда, асфальттын эски катмарын сыйрып алуу, ошондой эле негизги катмарын тегиздөө иштери аткарылууда.

Иштерди "Кыргызавтожол" ишканасынын Ош филиалынын №5 Жол тейлөө ишканасы аткарууда.

Пикир

Оставить комментарий