• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Муз үстүндөгү Кара-Жорго: казак хоккейчилери көрүүчүлөрдү таң калтырышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0


Бишкек, 11.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Казакстандын хоккейчилери оюн маалында экинчи тыныгуу болгондо муз үстүндө “Кара жорго” бийин (Кара жорга) бийлешти. Алардын бийи бардыгын таң калтырды.

Видео Казакстандын хоккей лигасынын Youtube-каналындагы расмий баракчасында жайгаштырылган. Маалыматка ылайык, 10-январда Астанада хоккей жылдыздарынын жумалыгы старт алган, мелдештин алкагында Казакстандын 34 мыкты хоккейчилери биринчилик үчүн мелдешет.

Мүз үстүндөгү хоккейчилердин бийи оюн алдында кийим чечинүү бөлмөсүндө россиялык поп-ырчынын ырына бийлешкен атаандаштарына жооп болгон.

Пикир

Оставить комментарий