Мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов 1 айга тергөө абагына киргизилди

Укук тартиби

Бишкек, 24.05.19. /Кабар/. Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов 26-июнга чейин Бишкектеги тергөө абагына киргизилди. Мындай чечим күн мурун Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынган.

Атаханов 21-майда Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча камакка алынган.