Мурдагы судья Жаркееванын иши. Судьянын саламаттыгына байланыштуу отурум жылдырылды

Укук тартиби

Бишкек, 10.01.20 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 10-январь күнү Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Эльвира Жаркееванын иши боюнча отурум өтмөк, бирок судьянын ооруп калгандыгына байланыштуу отурум жылдырылды.

Кийинки соттук жыйын 14-январга дайындалды.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алган.