Мурдагы судья Жаркееванын иши. Отурум 26-ноябрга жылдырылды

Укук тартиби

Бишкек, 22.11.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 22-ноябрь күнү Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Эльвира Жаркееванын иши боюнча отурум өтүүдө.

Күбөдөн сурак алып, башка күбөлөр келбегендигине байланыштуу сот отуруму жылдырды. Кийинки жыйын 26-ноябрь күнү уланат.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алган.